Ал күндөр эл арасында “Каргашалуу” же "Кара июль" деген ат менен эсте калды. Ооруканаларга киши батпай, дем алдыруучу аппараттар, кычкылтек концентраторлору тартыш болуп, өлүм-житим көбөйгөн.
Пандемияда алдыңкы тилкеде вирус менен күрөшкөн дарыгерлер арасында дагы чоң жоготуу болгон. Андан бери беш жыл өтүп, каргашалуу күндөр кыйла унутулуп кетти. Бирок ал күндөр дарыгерлердин эс-тутумундагы өчпөгөн кара так бойдон калды.
“Данисте” бул жолу пандемиянын курчуганда вирус менен күрөшкөн каарман дарыгерлер тууралуу айтып берет.
"Кызыл зонада" каза болгон ыктыярчы
Адинай коронавирус маалында "кызыл зонада" иштеп, каза тапкан ыктыярчылардын бири.
Ал быйыл болгону 26 жашка чыкмак. Чырактай кызын жоготкон ата-эненин күйүтүн, оор үшкүрүгүн, чүрпөсүн жоктогон арманын беш жылдан кийин деле чыдап угууга мүмкүн эмес. Көз жашы кургай элек.
“Бул жерге Адинайдын кичинекей кезинен берки бардык сүрөттөрүн коюп койгонбуз. Бул анын 11-классты аяктап жаткандагы сүрөтү. Өзү дагы “Апа, ушул сүрөтүм жагат, жакшы түшкөм” деп калаар эле. Улуу кызым “Апа, сүрөттөрдү алып эле койбойлубу, шариятта болбойт экен” дейт. Бирок мен “Сүрөттөрдү алып коем, бирок азыр эмес”, - дедим. Адинайдын сүрөттөрүн ала албайм. Күнүгө келип карап турам, сүйлөшөм, куран окуйм” , - деди Адинайдын апасы Дилбар Молдокулова.
Адинай 2020-жылы Медициналык академиянын 5-курсун аяктаган. Ал пандемия маалында Бишкекте ачылган күндүзгү стационардын ыктыярчысы болчу.
Саламаттык сактоо министрлиги 13-июлда кечке жуук ыктыярчы Адинай Мырзабекованын ден соолугу кескин начарлап, 40 мүнөттөй жандандыруу аракетинен майнап чыкпай бир сааттан кийин каза болуп калганын билдирген.
Дилбар Молдокулованын кызы Адинайды "кызыл зонага" коштоп барган күнү эсинен кетпейт.
“Катуу-катуу урушуп эле "кызыл зонага" жибербей койсом болмок экен. Ал менин өмүр бою өкүтүм бойдон кала берет окшойт. Бизге айтпай жазылып алыптыр. Качан кетип баратканда гана айтып жатпайбы. Анан жеткирип бардык. Кайра-кайра “коргоочу кийимдериңди чечпе, абайла” деп какшадык. Бир жагынан туура эмес кылган окшойм. Коргоочу кийимдерин чечпей жүрүп, организми алсырап кеткен окшойт”.
Жүздөгөн өмүрдү жалмаган "Кара июль"
Адинай каза болгон 2020-жылдын июлунда Кыргызстанда чоң жоготуулар болуп, өлкөнүн азадан башы чыкпай турду. Июль айынын орто ченинде коронавирустан көз жумгандар күнүнө 70-80 кишиге жетип, инфекция суткасына 40 миң кишиден аныкталып турган.
Ошол кезде Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү катары дарыгер Айнура Акматова элге түз эфирден күн сайын өлкөдөгү кырдаал тууралуу маалымат берип турган. Ал айрым учурда суук кабарды айтып жатып, көзүнө жаш алган учурлары да болгон.
“Эфирден маалымат берип жатып, өзүмдү кармай албай, ыйлаган учурларым болгон. Айрымдар “бул Айнура качан жакшы кабар айтат” дешерин угуп калчумун. Таң эрте туруп, бүт облустарга телефон чалып, маалымат чогултчумун. Кайсы аймакта кырдаал кандай, эмне жетишпей жатат, кандай колдоо керек деп сурачумун. Ооба, кээде жакшы жаңылыктар да болчу. Бирок башкысы маалымат менен камсыздоо милдети турду. Өкмөт анын ичинен Саламаттык сактоо министрлиги элдин саламаттыгын карап жатат деп колдоо көрсөтүш керек эле”.
Кыргызстанда коронавирус жугузган алгачкы учур 2020-жылдын март айында катталып, үч ай аралыгында Бишкектеги ооруканалар бейтаптарга жык толгон. Орун жоктугунан шаар бийлиги, ага кошумча ыктыярчылар кошумча күндүзгү стационарларды ачышкан. Өкмөт дарыгерлер тартыш болуп жаткандыктан, медициналык билими барлардын баарын жардамга чакырууга аргасыз болду.
Алардын арасында медициналык окуу жайларда окуган студенттер биринчилерден болуп тартылган. "Кызыл зоналарда" алты күн катары менен иштеген дарыгер Дилшад Мамаджанов ошол кезди мындайча эскерди.
“Мен врачмын дегендин бардыгы инфекционист болду. Сен хирург, сен стоматологсуң деп бөлүүгө убакыт жок болчу. Баардыгы "кызыл зоналарда" иштеп жатты. Көп өлүм-житим көз алдымда болду. Анткени вирус биринчи катталган Ноокат райондук ооруканада бөлүм башчы болчумун. Өтө кыйын кырдаалды баштан өткөрдүк. Адамдар чымындай эле кырылып жатпадыбы. Кычкылтек жетпей калып 10 мүнөттө эле каза болгон учурлар болду. Бир эле максат болду - адам өмүрүн сактап калуу. Эгер сактай албай калсак, ошол учурдан сабак алып, кийинки бейтаптын өмүрү менен күрөшүү”.
Коронавирус менен күрөштүн алдыңкы тилкесинде - "кызыл зоналарда" медицина кызматкерлери турду. Бейтаптарды карап жүрүп өздөрү да ооруга чалдыгып, расмий эсепте 8 миңге чукул дарыгерден вирус аныкталган. Анын ичинен 107 медицина кызматкери өмүрү менен кош айтышкан. Пандемия - дарыгерлердин жүрөгүндө калган кара так...
Дарыгер Айнура Акматова: “Ар бир өлүмдү жүрөгүм менен өткөрүп жаттым. Бир тууганымды жоготкондой эле болуп жаттым. Айрыкча кесиптешиңтериңди жоготуу... аны сөз менен айтып бере албайм...”.
Дарыгер Дилшад Мамаджанов: “Бул биздин талуу жерибиз болуп калды... "Кызыл зоналарда" иштеген ар бир дарыгер ал күндөрдү эстегенде көз жашын тыя албайт... Билбейм... Эстесем эле ыйлап жиберем... Ал күндөрдү эстегим келбейт. Азыр көп врачтардарды жамандап жатышат. Бирок пандемияда врачтан кудайдан кийин эле болуп калды го...”.
Жүк көтөргөн ыктыярчылар
2020-жылдагы “Каргашалуу июлда” ооруканаларда дары-дармек, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар, кычкылтек концентраторлору тартыш болуп, өлүм-житимдин саны өстү.
Ооруканалардын абалы, дары-дармектин тартыштыгы, өкмөттүн айласыз абалы элдин нааразылыгын күчөтүп, ошол кездеги бийликке ачуу сындар жаады.
Жер-жерлерде өз алдынча демилге көтөрүп, каражат жыйнаган өнөктүк кызуу жүрүп, медициналык жабдыктарга эл өзү акча чогулта баштады. Ар ким өз айылындагы ооруканаларга көмөк көрсөтүүгө өттү. Алардын бири, мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев:
“Өлүм ушундай жакын болуп калды. Анчалык өлүмдү жашоомдо мурда көргөн эмесмин. Согушта жүргөндөй эле болдук. Жер-жерлерде кылкычтек концентраторлору жетишсиз болуп жатты. Анын айынан бир топ адамдар өтүп кетти. Врач тааныштарымдын кеңеши менен борборлоштурулган кычкылтек системасын орното баштадык. Ошентип 10 күн ичинде 700дөн ашык койкага ушундай системаны койдук. Чыгымды демөөрчүлөр, тактап айтканда жергиликтүү ишкерлер жана чет өлкөдө иштеген кыргызстандыктар көтөрдү”.
“Каргашалуу июль” - элдин эс тутумунда калган чоң трагедия болуп калды. 2021-жылы өкмөт коронавирус пандемиясында каза болгон дарыгерлердин жана медициналык окуу жайлардын студенттеринин элесине арнап, Бишкектеги Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын короосуна эстелик тургузду.
Бишкекте стационарда иштеп жүрүп каза болгон ыктыярчы студент 21 жаштагы Адинай Мырзабекованын ысымын баш калаадагы парктардын бирине ыйгаруу боюнча чечим чыккан эле.
Адинай Мырзабекова Ысык-Ата районунун Юревка айылындагы орто мектепти бүтүргөн. Ата-энеси Адинайдын ысымы, анын эрдиги унутулбаса деген максат менен жашап жүрүшкөнүн айтып беришти.
“Адинай Мырзабекова атындагы тарых кабинети деп сыртына жазып койдум. Кабинетти толугу менен ремонттоп, парта, отургучтарынан бери жаңырттык. Төрүндөгү бир шкафты Адинайга арнадык. Мектепти алтын тамга менен аяктаган. Каза болгондон кийин “Эрдик” медалын алды. Ысык-Ата районунун ардактуу атуулу наамын беришти. Ошолордун сүрөттөрүн койдук. Кабинетке кирген ар бир окуучу Адинай ким болгонун билиши керек”, - деди Адинайдын атасы Замирбек Жээналиев.
Коронавирус Адинайга окшогон жүздөгөн жаш өмүрдү жалмады. Кыргызстанда коронавирустан жалпы 3 миңге жакын бейтап каза тапкан. Пандемия - кыргыз медицинасы үчүн чоң сабак алар трагедия болду.
Өкмөт андан бери саламаттык сактоо системасы кыйла жакшырганын билдирип келет. Ошол эле убакта “Кыргыз медицинасы бул окуядан жетиштүү сабак алып, керектүү жыйынтык чыгара элек” деген да пикирлер арбын. Медицина тармагы боюнча эксперт Айбар Султангазиев буларга токтолду.
“Медицина тармагындагы шарт жакшырганы менен кадр өксүгү дагы деле курч бойдон калууда. Көпчүлүк дарыгерлер мамлекеттик ооруканаларда иштегиси келбей жатат. Мунун бир нече себеби бар. Мисалы, бир дарыгер 1,5 ставкадан ашык иштей албайт, ошондой эле жетекчилик кызматтагы дарыгер башка жеке менчик клиникаларда иштөөгө болбойт деген ченемдер бар. Мындай чектөөлөргө көпчүлүк макул болбой жатат. Ал пандемиядан сабак алдык деп да айта албайм”.
Коронавирус - XXI кылымдагы адамзаттын башына түшкөн эң оор сыноолордун бири болуп калды. Ал күндөрү дүйнөдөгү ири мегаполистерде кыймыл токтоп, кишилер үйүнөн чыкпай отурганда медицина кызматкерлери өмүрүн тобокелге салып, башкалардын жашоосу үчүн күрөшүп жаткан. Ал күндөрдүн башкы каармандары - дарыгерлер эле. Бирок жыл айланбай дүйнө сахнасын мурдагыдай эле башка каармандар ээледи…
Шерине