Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Рита Карасартовага козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктады


Рита Карасартова сот залында. 19-июнь, 2025.
Рита Карасартова сот залында. 19-июнь, 2025.

Камактагы укук коргоочу Рита Карасартовага козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктады. Бул тууралуу Карасартованын кызы Касиет Мамырбай “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, иш кийинки жумада сотко өткөрүлүшү мүмкүн, кылмыш ишине “жашыруун” грифи коюлду.

Укук коргоочу Рита Карасартова 14-апрелде кармалып, үйү тинтүүгө алынган. 17-апрелге караган түнү Свердлов райондук соту аны бир айга камакка алган. Ушул эле сот 30-апрелде абактагы мөөнөтүн 12-июнга чейин узарткан. Карасартованы үй камагына чыгаруу тууралуу адвокаттардын өтүнүчүн Бишкек шаардык соту 29-майда карап, укук коргоочуну тергөө абагында калтырган.

Укук коргоочу өзүнүн кармалышын жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулуна (Куренов) таандык делген катты өзүнүн социалдык баракчасына жарыялаганына байланыштырган.

Прокуратура Карасартовага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Массалык башаламандыктар”) 3-пункту ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") боюнча айып тагылганын жарыялаган.

Укук коргоочунун кармалышына байланыштуу бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары тынчсызданып, кыргыз бийлигин аны бошотууга чакырып келет.

Рита Карасартова Кемпир-Абад ишине байланыштуу дагы камалып, бир нече саясатчы менен кошо Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кайра акталган. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG