Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Москва: Мечиттерде, хостелдерде "мыйзамсыз миграцияга" каршы рейддер жүргүзүлдү


Орусиянын полициясы
Орусиянын полициясы

Москванын күч органдарынын кызматкерлери мигранттар жашаган хостелдерде жана мечиттерде "мыйзамсыз миграцияны токтотуу" максатында рейд өткөрдү. Бул тууралуу Москванын Тергөө комитетинин башкармалыгы билдирди.

500дөн ашуун киши кармалып, миграциялык мыйзамдарды бузган-бузбаганын текшерүү үчүн укук коргоо мекемелерине жеткирилген.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 30дан ашуун чет элдик Орусияда жүрүү эрежесин бузган деген негизде административдик жазага тартылды. Бир чет элдик жаран издөөдө жүргөнү аныкталды.

Тергөө комитети мигранттарды текшерген рейддер качан жүргүзүлгөнү жана кайсы өлкөнүн жарандары депортация болгону тууралуу маалымат берген жок.

2023-жылы 22-мартта Москва облусундагы "Крокус Сити Холл" концерттик борборунда кол салуу болуп, 146 адам каза тапканы, 500дөн ашууну жабыркаганы кабарланган. Бул кандуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөп, орус бийлиги мыйзамдарын катаалдаткан.

Күч органдары "Русская община" сыяктуу улутчул уюмдар менен базарларда, мечиттерде жана кафелереде рейддерди өткөрүп жатканы маалым.

Шерине

XS
SM
MD
LG