"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун фото-сынагынын жеңүүчүсү. 2006-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
"Азаттыктын" “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында Ысык-Көлдүн жээгиндеги тазалык, көлдүн экологиясы, эс алуу жайлардан чыккан саркынды суулардын чоо-жайы иликтенди.
Парламенттин күзгү сессиясынын биринчи күнүндө каникулдан жаңы келген парламент дагы он күнгө эс алууга кетти. Өлкөдө чек ара маселелери, саясий кырдаал курчуп турганда парламент депутаттарынын эс алуудан келбей атып, “кайра эс алууга” кетиши коомчулукта сын-пикирлерди жаратты.
Жогорку Кеӊештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламенттеги фракцияларды жаӊы коалиция түзүү менен саясий кризистен чыгууга чакырды.
Кыргызстан менен Казакстандын курамаларынын жолдоштук беттешинде кыргыз футболчулары атаандаштарын 2:0 эсебинде утту. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдиргендей, бүгүнкү жардыруудан Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин үч кызматкери жаракат алды. Жардырууну жанкечти ишке ашырган.
ИИМдеги "Азаттыктын" ишенимдүү булактары алдын ала билдиргендей, жардырууну жанкечти ишке ашырган. Маалыматка караганда, бүгүн эртең менен жанкечти Delica үлгүсүндөгү автоунаа менен Кытай элчилигинин имаратынын батыш тарабындагы дарбазасынан сүзүп кирүүгө аракеттенип, машинесин жардырган. Өзү каза т
Кытай элчилигинде жарылуу болду
Эл аралык "Манас" аэропорту менен Бишкек шаарын туташтырган Фучик көчөсүн бойлой орнотулуп жаткан жашыл тосмолор акыркы күндөрү соцтармактарда кызуу талкууланып жатат. Анда тосмолорду орнотуу аркылуу шаар бийлиги көчө боюнча отурукташкан элдин жашоо-тиричилигин жеңилдетип жатабы же социалдык кенемте
"Азаттыктын" “Эл өкүлү” деп аталган жаңы долбоору башталды. Бул долбоордо сиз шайлаган депутат эмне иш кылып жатат? Шайлоо алдында берген убадаларын унутпадыбы? Дегеле, эл өкүлү эмне иш кылып, кандай маселени чече алат деген суроолорго жооп издейбиз. Долбоордун алгачкы катышуучусу КСДП фракциясынан
Жогорку Соттун соттук коллегиясы 2010-жылдагы апрель окуялары боюнча өкүмүн чыгарды.
Тоолуу Бадахшан автономдуу облусундагы алгачкы ирет электр жарыгын көргөн кыштак, виртуалдык көз карандылыкка жетелеген Pokemon Go оюнү жөнүндөгү баяндар камтылды.
“Журтташтар” түмөгүнүн коногу – мекендешибиз Самат Анарбеков. Ал ушу тапта Москвадагы италиялык алдыңкы ресторандардын биринде брендшеф. Ишкердикти ашпозчулуктан баштаган Саматтын бүгүнкү ийгилигинин сыры эмнеде?
Улуттук банктын эсебинде, Кыргызстанда кредит алгандардын саны 600 миңге жакын болсо алардын 8 миңдейи гана карызын кайтара албай жатат. Карызкорлордун укугун коргогон уюмдар насыясын төлөй албай калгандардын саны жүз миңден ашканын айтып келет. “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү насыяны максатсыз пайд
23-июнда Фрунзе менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйлөр комплекси өрттөнүп кетти. Төрт үйдөн турган бул комплекстин биринин чатырынан чыккан өрт калган эки үйгө улашкан. Акыркы маалыматтарга ылайык өрттөн жабыркагандар жок. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетине карабай "тилс
Ашлямфу – Караколдун визиттик карточкасы. Мындагы ашпозчулардын айтымында, бул тамакты шаар тургуну бир күндө жок дегенде бир жолу жейт. Ашлямфунун чыныгы рецептин бул жерде тургандардын эч бири айтпайт.
Дагы жүктөңүз