"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун фото-сынагынын жеңүүчүсү. 2006-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
6-майдан тарта бишкектиктер жана шаар коноктору Эркиндик гүлбагында чүкө ойноо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. "705 Чыгармачыл тобу" улуттук маданияттын бир бөлүгү болгон чүкөлөрдү пенопласттан жасап гүлбакка жайгаштырган. "Эстелик" долбоорунун алкагында жасалган бул иш-чарада ар бир каалоочу чүкөлөрдү жөн гана көрбөстөн алар менен ойной дагы алышат.
Оюнду өткөрүү ар жумада бирден районго жүктөлөт. Баалуу байгелер сайылып, ондогон аргымактар мөөрөй талашышат. Торпок тартышта алдына киши салбагандардын бири Сейдалы Балбан.
"Азаттык+" Айганыштын аянычтуу өлүмү, иштейм деп кетип "кылмышкерге" айлангандар, темир тор артындагы мигранттардын тагдыры тууралуу баяндайт.
Нургазынын кыялы
“Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү Балыкчы – Корумду жана Бишкек – аэропорт автожолдорун куруудагы мыйзам бузууларды иликтөөгө алды.
"Ыңгайсыз суроолор" оппозициянын максаттары тууралуу кеп козгоду. Талкууга Өмүрбек Суваналиев жана депутат Рыскелди Момбеков катышты.
Кыргызстанда 8-Март Аялдардын эл аралык күнү белгиленүүдө. "Азаттык" жаз менен чогуу келген майрамда бардык аялзатына куттук айтып, сүрөт блог сунуштайт. Cүрөттөр 8-мартта Бишкекте тартылган.
Кеңешбек агай жолдун катаалдыгына карабай жаштарга билим берип келет. Ал күнүнө эки сааттык жол басып, болгону 8600 сом гана айлык алат.
“Азаттык” радиосу эл оозундагы аңгеме-баяндарды жаздырып, коомчулукка жеткирүүгө даяр.
Ысык-Көлдө өздөрүн пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз деген “йакын-инкар” жамаатынын мүчөлөрү көбөйүп барат. Алар заманбап турмуш-тиричиликти четке кагып, даават ишинде муфтият көрсөтүп берген айрым тартиптерге баш ийишпейт деген сындар айтылууда.
Байыркы көчмөн элдин жаа атуу өнөрүн жандандыруу максатында “Тогуз Булак” кышкы эс алуу жайында чаңгы тээп келатып жаа атуу боюнча оюнду "Кыргыз эл" коомдук бирикмеси жана "Салбуурун" федерациясы уюштуруп, чеберлер күч сынашты.
Кыргызcтандагы бокс спортунда кыздар калыстык кыла баштаганына үч-төрт жыл болуп калды. Алар эл аралык AIBA бокс уюмунун бир жылдыздуу даражадагы калыстары 26 жаштагы Назира Рахатова менен 27 жаштагы Жамиля Боркоева. Назик кыздар ринг ичиндеги мушташка кандай калыстык кылат?
“Ыңгайсыз суроолор” программасынын бул чыгарылышында 2015-жылдагы мал чарбачылыгы, кайра иштетүү, өндүрүш тармагындагы кризис, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулушу, доллардын куну өсүп, сомдун курсунун төмөндөшү жана башка экономикалык жагдайлар тууралуу сөз болду.
Миңкуштагы уран калдыгы көчүрүлөт
Парламент акыйкатчылыкка көрсөтүлгөн сегиз талапкердин бирин да шайлабай койду. Экинчи турга өткөн Гүлгакы Мамасалиева менен Атыр Абдрахматовага көпчүлүк депутаттар каршы добуш берди. Абдрахматова үчүнчү турга өтүп, бирок шайлана алган жок.
Бүгүн Биринчи май райондук соту президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Хажимурат Коркмазовдун ишин карап, өкүм чыгарды. Ага ылайык, Нарымбаевдин үй-мүлкү конфискацияланып, үч жыл күчөтүлгөн тартипте абакка кесилди. Коркмазов үй-мүлкүн конфи
"Азаттык" радиосу «Ар бир кесип ардактуу» аттуу фотосынак жарыялайт.
Жылдыздуу айымдар
Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйынында премьер-министрлик орунга Темир Сариевди жана ал сунуш кылган өкмөттүн курамын, программасын бекитти. Ал үчүн 118 депутат “макул” деп добуш беришти.
Ички иштер министрлиги алты айдагы ишинин жыйынтыгын чыгарды. ИИМ эми реформаны ичинен тазалануу аркылуу өткөрөрүн жар салууда.
Дагы жүктөңүз