"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун фото-сынагынын жеңүүчүсү. 2006-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү президенттик шайлоого аттанган талапкерлердин дараметине саресеп салды. Эксперттердин айтымында, дароо утуп чыга турган күчтүү талапкер жок болгондуктан, шайлоо эки айлампа менен өтөт.
Башкаруучу социал-демократтар партиясынын курултайында президенттикке премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алынды.
"Каректе Евразиянын" бул жолку чыгарылышында: Тажикстандагы жарандык согуштун аяктаганынын 20 жылдыгы, Назарбаевдин ысымы коюлган Астана аэропорту, Ооганстандагы жарылбай калган миналар, НАТОнун Орусияга жакындап келе жаткан аскерий базалары, Украинадагы азиз балдар үчүн чыгарылган оюнчуктар жана Ба
"Каректе Евразиянын" бул жолку чыгарылышында: Кыргыз абагында 7,5 ай жаткан ирактыктар, Казакстандын жеткинчектерине мечитке барууга тыюу салган демилге, өзбекстандыктардын Собчак менен Навальныйга берген чыгармачыл жообу, эртең менен дене көнүгүүлөрүн жасаган алматылык пенсионерлер, Армениянын инно
Майлуу-Сууда уран калдыктарын сактоочу 36 атайын жай бар. Бул жайлардагы радиация жергиликтүү элдин саламаттыгына терс таасирин тийгизип келет.
Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ аймагындагы жашоочулар эки аптадан бери тоо бетиндеги бир аяк жол менен каттап жатышат. Буга автожолду көчкү басып калышы себеп. Мындан улам 42 үй-бүлө чатырларга көчүрүлгөн. Сары-Бээликтер жер көчкү жүргөндөн бери он күндөн ашса да жол ачылбай жатканына нааразы
Кыргызстанда 2017-жылдын үч айында 1 169 жол кырсыгы катталды.
Бишкектен "Манас" аэропортуна кеткен жолдун боюнда жайгашкан Учкун-2 конушунун жашоочулары беш жылдан бери электр жарыгысыз күн кечирип келет. Бул конушта суу, жол сыяктуу инфраструктуралар да жок. Каттоо кызматы үй курууга уруксат деген кызыл китептерди берсе да прокуратура тилкелер мыйзамсыз деген
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында апрель ыңкылабына арналган театрлаштырылган иш-чара өттү. 2010-жылдагы Курманбек Бакиевди тактыдан кулаткан элдик толкундоолор актерлордун аткаруусунда көрсөтүлдү. Келгендерге концерт тартууланды. Алгач шаар мэри Албек Ибраимов сөз сүйлөдү.
29-мартта Жогорку Сотто “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин адвокаттарынын доо арызы каралды. Жогорку Соттун маалымат кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, адвокаттардын даттануу арызынын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу соттук коллегия көзөмөл өндүрүштү кыскартып, камактагы депутатт
"Мигрант эне" тасмасы Москвадагы төрт аялдын тагдырын баяндайт.
"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу 10-февралда Бишкекте өткөн партиялык конференцияда жер-жерлерден келген делегаттардын жана журналисттердин алдында билдирүү жасады.
“Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү Кыргызстандын бажы тармагындагы коррупциялык схемаларды иликтөөгө алды. "Азаттыктын" бул программасы былтыр 8-февралда обого чыккан.
Кыргыз өкмөтүнүн Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин экономикабыз көтөрүлөт деген үмүтү акталбай тескерисинче артка кетти.
"Азаттык” токко урунуп эки колунан ажыраган Самат тууралуу 2011-жылы атайын берүү даярдаган. Анда ал чоңойгондо жасалма кол салдырып, машине башкаргысы келерин айткан. Ал азыр буту менен компьютер терип акча табууда. Анын дагы бир максаты австралиялык тубаса мунжу Ник Вуйчич менен жолугуу. Бирок каа
Индустриялуу Америкада айыл чарбасынын орду кандай? Океандын ары жагында алманы кантип өстүрүп, кантип сатышат? Культка айланган алма турлары. Ысык-Көлдүн тургундары менен катташкан америкалык багбандар. Америкага болгон сапар тууралуу атайын чыгарылышты сунуштайбыз. (Материал орус тилинде даярдалга
14-ноябрда "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов УКМК Белиз мамлекетиндеги жеке юридикалык фирманын жасалма документин көрсөтүүдө деп айтты.
АКШдагы шайлоо жыйынтыктары Кыргызстан менен мамилеге кандай таасирин тийгизет? Бул суроонун тегерегинде кыргызстандык саясатчылардын пикирин уктук.
Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунда кыргыздар ат үстүндө ойноп, шамал менен жарышкан чабандестик өнөрүн дүйнөгө көрсөтүштү. Ал оюндарга күбө болуп отуруп ат спортунун түрлөрүнүн эң кызыктуулары көчмөн элдерине таандык деп ойлошуңуз мүмкүн. Бирок, тээ илгери Францияда ойлонуп табылган конкур, кыргызча айтканд
Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Туруспек Коеналиев "Азаттыкка" курган маегинде 179 миллион сомдук боз үй тууралуу айтып берди.
Дагы жүктөңүз