"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Бүгүн Азаттыкта" жаңылыктар программасынын алып баруучусу.
Орусияда түрмөдө отурган дагы бир кыргыз жигит Украинадагы согушта каза болду. Өзгөндө бир үй-бүлөдөн үч наристе иске ууланып, чарчап калды. Бишкекте уруксатсыз үйлөрдү мыйзамдаштыруу аракети башталды. Былтыр Европа Биримдигине миллионго жакын чет элдик жаран башпаанек сурап кайрылды.
Бишкекте “Кыздар билим жана илимде: Чакырыктар жана тобокелдиктер!” деген иш-чаранын алкагында даректүү тасмалар көрсөтүлдү. Алардын бири ооган кыздарынын билимге болгон умтулуусун чагылдырат.
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 15-февралда "Вечерний Бишкек" басылмасынын Kaktus.media басылмасына каршы доо арызы боюнча алгачкы угуу өттү. Анда "Вечерний Бишкек" басылмасы "Кактус медианы" жалган маалымат таратты деп айыптап, 50 миллион сом талап кылууда.
Дагы бир каржы пирамидасынан жабыркап, акча жоготкондор "Азаттыкка" кайрылды. Бул ирет сөз “Ягода плюс” аттуу онлайн-тиркемеси тууралуу болуп жатат. Бул оюнду ойноп, тез жана эч кандай күч-аракет жумшабастан акча табууну каалагандар каражатынан кол жууган.
Арабызда илимге умтулуп, келечекте адамзатка пайдалуу ачылыштарды жасагысы келген окуучу кыздар кездешет. Эксперттер соңку жылдары алардын катары калыңдап баратканын белгилешүүдө. ЮНЕСКОнун изилдөөсүнө ылайык, коомдогу стереотиптер алар үчүн негизги тоскоолдук болуп саналат.
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев "Азаттыкка" учкай маек куруп, зилзала болгон аймактагы кыргыз жарандарынын жагдайы тууралуу маалымат берди.
- Түркия менен Сирияда катталган катуу зилзалада каза болгондордун саны 1200дөн ашты. Миңдеген киши жараат алганы кабарланууда. - Милиция Ыдырыс Исаковду кайрадан суракка чакырды. Ал 5-февралда социалдык тармакта жарыяланган видеороликке байланыштуу суралганын кабарлады.
Кыргызстанда фейк жана манипуляцияга каршы күрөшүү үчүн жети редакция биригип, Checkit Media аттуу жаңы платформа түздү. Интерньюс уюму колдогон бул долбоор кыргыз тилинде иш алпарат.
Маданият жана маалымат министрлиги "Клооп" басылмасынын макалаларынын бирин өчүрүүнү талап кылып, аны албаса сайтын бөгөттөй турганын эскертти. Министрликтин ушундай доосунун негизинде учурда "Азаттык" радиосунун веб-сайты жабык турат.
- Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган Атай Бейшенбекке дагы 3 кылмыш иши козголду. Алар 2020-жылкы октябрь окуяларына байланыштуу экени белгилүү болду.
Төкмө акын Болот Назаровдун иши кыскартылып, эркиндикке чыкты. Ал үч айга чукул камалып отурду. Ондогон медиа уюм "Азаттыкка" каршы доо арызды чакыртып алууну талап кылууда. Согуш башталгандан бери Украинада 12 миңден ашуун орус жараны каза таап, алардын 800ү мобилизациялангандар экени кабарланды.
-Маданият министрлиги "Азаттыктын" ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылды. Коомчулук бийликтин бул аракетин айыптап жатат.
Бишкекте көмүр тартыш, тоннасы 7-8 миң сомдон сатылууда. Ооганстанда катуу сууктан кеминде 70 адам каза болду. Өлкөдө гуманитардык кризис күч алууда. Путинди колдогон казак депутаты Азамат Абилдаевди "Ак жол" партиясы катарынан чыгарып, БШК мандатын алып салды.
Кырызстандын аймактарында жарык өчүрүлүп жатат. Энергетика министрлиги электрге чектөө күн жылыгыча уланарын билдирди. - Украинанын чыгышында катуу кармаш уланууда. Киев Батыштан заманбап курал-жабдык берүүнү тездетүүнү сурады.
Украинанын Бровары шаарында тик учак кулап, кеминде 15 киши мерт болду. Президенттик администрация 5 миң катталуучусу бар блогерди да жалпыга маалымдоо каражатына теңегиси келет. 27-январдан тарта Кыргызстандын, Орусиянын, Беларустун жарандары Казакстанда жарым жыл ичинде 90 күн гана жүрө алат.
- Минскиде Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшова каза болду. Анын сөөгү Кыргызстанга жеткирилди. -Днепрде орус ракетасынан набыт болгондор эскерилип жатат. Жыл жаңыргандан берки эң кандуу чабуулда 40тан ашуун киши каза болду.
Казакстандын былтыркы январь айындагы массалык башаламандыкка шек саналгандар арасында "Орусия, Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандын жарандары да бар" деген билдирүүсүн Кыргызстан менен Тажикстан четке какты.
Дагы жүктөңүз