"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Бүгүн Азаттыкта" жаңылыктар программасынын алып баруучусу.
Кеминде 238 кишинин өмүрүн алган Казакстандагы Январь окуяларына бир жыл толду.
Өзбекстанда жөтөлгө каршы Индиянын "Док-1 Макс" дарысын ичкен 22 баланын 19у чарчап калды. Бишкекте орус жараны Евгений Романов УКМК кызматкери сабаганын айтып чыкты. Атайын кызмат айыптоону четке какты. Кыргызстандын коммерциялык банктары быйыл буга чейин болуп көрбөгөндөй киреше тапты.
Кыргызстанда мамлекеттик «Керемет Банктын» бир нече жетекчиси жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери кармалды. Башкы прокуратурадан билдиргендей, алар “Алдамчылык”, “Кылмыштуу кирешени мыйзамдаштыруу”, “Документ жасалмалоо” өңдүү кылмыштарга шектелүүдө.
Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 2021-жылы кедейчиликте жашаган калктын саны 33 пайыздан ашты. Бул 2 миллион 244 миң киши дегенди билдирет. Арасында кепилденген мамлекеттик жөлөк пулга жетпей жүргөндөр саны арбын. Жөлөк пул алалы десе, түрдүү бюрократиялык тоскоолдуктар көп.
Соңку күндөрү Бишкек дүйнөдөгү абасы булганган шаарлардын сап башына чыкты. Кыргызстанда сасык тумоого кабылган балдар көбөйдү. Иранда элдик толкундоолор башталганы экинчи адам дарга асылды.
Президент Жапаров кыргыз-өзбек чек арасын тактоо жана Кемпир-Абаддын суусун биргелешип башкаруу боюнча мыйзамдарга кол койду. "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев алтын комиссиясынын төрагалыгынан өз каалоосу менен кетти. Украинада эл энергетикалык кризистен жапа чегип жатат.
1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү. "Азаттык" ВИЧ менен жашап келген кыргызстандыктарды маекке тартты. Алардын бири - Тимур. Ал өзүнүн ВИЧ статусу тууралуу биринчи жолу ачык айтып чыкты. ВИЧти жугузуп алган дагы бир каарманыбыз Элнураны жолдошу таштап кеткен.
Эки күндөн кийин Катарда Футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталат. Дүйнө чемпионатында алгачкы жолу аял-реферилер калыстык милдет аткарат.
Бир ай мурда аскерге кеткен 18 жаштагы Айжигит Таалайбек уулу каза болуп, сөөгү үйүнө жеткирилди. Бишкек шаардык сотунда бир катар саясатчы, коомдук ишмерлердин бөгөт чаралары каралып, камакта калтырылды. Орус аскерлеринин Херсондон чыгып кетүү чечими эл аралык талкуунун чордонунда.
Шаардык сот Кемпир-Абад иши боюнча кармоолорду мыйзамдуу деп таап, бир катар активист, саясатчы, укук-коргоочуларды камакта калтырды. Украинанын чыгышында айыгышкан салгылаш уланууда. Биринчи каар жаап, көмүр издегендердин саны арбын. Кезек күткөндөр да аз эмес.
Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын тагдыры, суу сактагычтын айланасындагы абалга депутаттардын пикири кандай? "Азаттык" Жогорку Кеңештин эл өкүлдөрүнүн ой пикирин билүү үчүн аларга микрофон сунду.
Бишкектин мурунку мэри Азиз Суракматов 150 миллион сом төлөп, абактан чыкты. Беларуста милиция кызматкерлери “Белсат” телеканалынын жана “Азаттыктын” беларус кызматынын журналисттеринин үйлөрүн тинтип жатат. Жалал-Абадда ушул күндөрү Чубак ажы Жалиловду эскерүү иш чаралары өтүүдө.
Ооганстандан Тажикстанга качып кирген кыргыздардын саны 350гө чукулдады. Жолдо 2 ымыркай чарчап калды.
114 миң сом айлык акы алып, "Кыргызтелекомдо" иштеген Камчыбек Ташиевдин тууганы делген Замир Кожомуратовдун айланасында чыр чыкты. Ооганстанда жашаган 77 кыргыз Тажикстандын аймагына кире качты. Ысык-Көлдө ангус тукумундагы уй баккандар көбөйдү.
Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагында сел жүрүп, анын кесепетинен алты киши каза болуп, дагы экөө изделүүдө. Москвада кыргызстандык жана тажикстандык мигранттар мушташып, жүздөй киши камакка алынды. Иракта коронавируска чалдыккан бейтаптар жаткан ооруканада өрт чыгып, 70тей киши каза тапты.
Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары деп аталган жаңы кызмат түзүп, ага Таалатбек Масадыковду дайындады.
- Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерине кайталанып өткөн шайлоо жыйынтыкталды. - Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиянын мурдагы директору Акин Токталиев президент Садыр Жапаровду сотко берип, 100 миллион сом талап кылууда. - Ошентип футбол боюнча Европа чемпионатынын финалы кирип келди.
Дагы жүктөңүз