Милиция блогер “пара берүүгө” шек саналып кармалганын билдирди

Милиция тараткан видеодон алынан сүрөт.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы милиция кызматкерине пара сунуштаган блогер кармалганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, 22-июнда милицияга Б.А аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында Абай аттуу блогер телефон чалып, “Даамдуу” деп аталган тамактануучу жайды текшерип, бир катар санитардык нормаларды бузуу аныкталганын, аларды коомчулукка жарыялабоо үчүн 100 миң сом акча талап кылганын жазган. Арыздын негизинде 25 жаштагы К.А аттуу шектүү милицияга жеткирилген.

“Шектүү К.А. маселени материалдык ыраазычылык менен чечүүнү сунуштап 100 миң сом акча каражатын берип жаткан жеринен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Ички иликтөө кызматы тарабынан кармалаган”, - деп айтылат милициянын маалыматында.

Учурда Кылмыш жаза кодексинин 345 (“Пара берүү”), 208 (“Опузалап талап кылуу”) беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

К.А. атуу шектүү же анын жакындары комментарий бере элек. (TSh)

Дагы караңыз

Президент Жапаровдун Тажикстандагы сапары башталды