Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Президент Жапаровдун Тажикстандагы сапары башталды


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. 8-июль, 2025-жыл.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. 8-июль, 2025-жыл.

Дүйшөмбү шаарында 8-июлда “Улут сарайынын” аянтында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун расмий жолугушуу аземи өттү.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Аземден кийин тараптар делегацияларын тааныштырып, тар курамдагы сүйлөшүүлөр залына киришти.

Сапардын жүрүшүндө эки мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлары айтылган. Мындан тышкары кыргыз-тажик экономикалык жана инвестициялык форуму, эки өлкөнүн маданият ишмерлеринин катышуусунда “Түбөлүк достук” концерти өтөт.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 13-мартта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип, эки өлкөнүн мамлекет башчылары чек араны тактоо тууралуу келишимге кол коюшкан. Мындан кийин Баткенде чек арадагы 2021-2022-жылдардагы куралдуу кагылыштардан кийин жабык турган "Кызыл-Бел" жана "Кайрагач" өткөрмө бекеттери кайра ачылган. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG