"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Нарында жер талаштан чыккан жаңжалдан улам ок атылып, жергиликтүү алты тургун жараат алды. Үчөөнүн абалы оорлоп, аларга Нарын облустук ооруканасында операция жасалды. Азыр укук коргоо органдары окуянын чоо-жайын териштирип, окуяга себепчи болду делген Бакыт Кыдырмышовду суракка алып жатат.
“Шырдак” фестивалы быйыл Нарында он экинчи жолу өтүп жатат. Анда кол өнөрчүлүктүн көргөзмө-жарманкелери, илимий жыйындар өтүп жатат. Анткен менен быйыл фестивалга келген коноктордун саны салыштырмалуу аз. Эки күндүк маданий иш-чара 29-июнда жыйынтыкталат.
Соңку үч жылдан бери Нарын менен Ысык-Көл облусунда эндик чөбүнүн тамырын казып, мүшөктөп ташып жаткандар көбөйүүдө. Тоолуктар тамырдан пайда издегендерге нааразы болуп, жайытты талкалап жатышканын айтышат. Экологдор бул чөптү казууга тыюу салуу үчүн Илимдер академиясына кат жолдогон.
Нарын районунун Эки-Нарын айылынын тургундары "Голд Контент" аттуу компаниянын аймактан алтын казуусуна каршы болуп жатат. Алар кен казгандар агын сууну булгап, айылдагы миңге чукул киши ичүүчү суусу жок калат деп жатышат. Бирок бул дооматтарга "Голд Контент" компаниясы макул эмес.
Нарын районунун Оттук айылынын тургундары кыштактагы 300 гектар жерди сугаруу үчүн ашар менен канал казып жатышат. Алар кургакчылыктын каатчылыгын 20 жылдан бери тартып келишкен. Эми бир айдын аралыгында жумушту толук бүткөрүп, айдоо жерлерге суу жеткиребиз деп турушат.
Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылындагы орто мектептин 8-классынын окуучусу Бакыт Мидинов үч жылдан бери жаш ойлоп табуучулардын сынагына катышып келет. Ал суудан биогазды бөлүп чыгарган эмгеги менен быйыл облустук сынакта биринчи орунду алды.
Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында суу бурган жалгыз эски трактор бар. Анын айдоочусу Орозбек Дыйканбаев айылдагы миң гектардан ашык жерге суу жеткириш үчүн алты ай бою суу буруп, тоодо жашайт.
Нарын районунун Ийри-Суу айылындагы орто мектептин окуучулары жарым кылым мурда курулган имаратта окушат. Ушул тапта мектептин бир жак дубалы ажырап, сыртты көздөй ооп, шып балдардын үстүнө түшүп кетчүдөй болуп турат. Жаңысы качан салынары белгисиз.
Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылындагы оорукананын имараты кулайын деп араң турат. Дубалы урап, төрт тарапка ажырай баштаган. Бул аймактык ооруканада төрөт бөлүмү да бар. Облус борборунан 250 чакырымдай алыс.
Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну Шербото Турумбеков кышы узун аймакка алма бак түптөгөн багбандардын бири. Ал айылдын четиндеги бир гектардай таштак жерди бакчага айлантып, алманын ондон ашык түрүн өстүрөт.
Былтыр августта Бишкек-Торугарт жолунда кичи автобус кырсыкка кабылып, жети кишинин өмүрү кыйылган. Ушул тапта маркумдардын жакындары жана кан жолдогу кырсыкта жараат алгандар тергөөгө нааразы болуп, адилеттик издеп жүрөт. Ишти болсо милиция териштирип жатат.
Азык-түлүккө баанын өсүшү кыргызстандык дыйкандарды дан азыктарын арбын айдоого түртүүдө. Алар күздө ун кымбат болушу мүмкүн деп божомолдоп жатат. Ушул күндөрү Нарындын суук аймактарында да буудай айдагандар арбын.
Дагы жүктөңүз