Орусиянын үч аэропортунда 400дөн ашуун каттам убактылуу токтотулду

Орусиянын негизги үч аэропортунда – Москвадагы Шереметьево, Санкт-Петербургдагы Пулково жана Нижный Новгороддогу Чкалов аба майданында 6-июлда кечке жуук 400дөй рейс кармалып турду. Бул тууралуу Орусиянын Транспорт министрлиги кабарлады.

Мекеме мындай чектөө украиналык дрон чабуулу маалында жана катаал аба ырайы шартында учуулардын коопсуздугун камсыздоо үчүн киргизилгенин түшүндүрдү.

Шереметьеводо 171 каттам токтотулуп, 56сы эки сааттай кечигип учкан. Пулководо 90 каттам токтотулуп, 37си кармалган. Нижный Новгороддо 26 каттам токтотулса, 13ү кечигип учкан. Транспорт министрлиги билдиргендей, Чкалов аэропортундагы учактар мындан да көбүрөөк чектөөгө кабылган.

Мекеме кырдаал көзөмөлдө жана авиакомпанияларда кыйын кырдаалда иштөөгө мүмкүнчүлүгү жетиштүү экенин кошумчалаган.

Петербург менен Москванын ортосунда темир жол билеттеринин тартыштыгы байкалган.

“Коммерсантъ” басылмасына эксперттер 5-6-июлдагы мындай кырдаал авиакомпанияларды 20 миллиард рублдик чыгымга учуратканын айтышкан.

Орусиянын Коргоо министрлиги жекшембинин кечинде 48 украиналык дронду абадан коргонуу системасы жок кылганын билдирди. Алардын ону Подмосковьеге жана экөө Ленинград облусуна атылган.

Дагы караңыз

УКМКнын мурдагы кызматкери алдамчылыкка шектелип кармалды Израил Газада барымтада турган 20 кишинин тизмесин жарыялады Миң-Куш: Көчкү жүргөн тилкеде көмүр казуу убактылуу токтотулду Техастагы суу ташкыны кеминде 80 кишинин өмүрүн алды, арасында 28 бала бар