Тбилиси: Полиция нааразылыкка чыккандарга күч колдонду
1-майга оогон түнү Тбилисидеги грузин парламентинин алдында полициянын атайын күчтөрү "Тышкы таасирдин ачыктыгы жөнүндө" мыйзам долбооруна каршы акцияга чыккандарга күч колдонду. Кагылышуу маалында күч түзүмдөрү суу аткычтарды, көздөн жаш агызуучу каражаттарды, калемпир газын, ошондой эле резина ок колдонгону кабарланды. Жабыр тарткандар жарым-жартылай көрбөй калганына даттанышкан.
Чыгарылыштар
-
Июль 08, 2025
АКШ Украинага кайрадан курал-жарак бере баштады
-
Июль 07, 2025
Газа: Катардагы сүйлөшүүдөн эмне майнап чыгат?
-
Июль 05, 2025
Кыргыз жылкысы жоголуу коркунучундабы?
-
Июль 04, 2025
Прокуратура соттон "Апрель" телеканалын жоюуну өтүндү