Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:27

Түз ободо Украинанын аймагына 50дөн ашык дрон, төрт ракета учурулду

Украинада согуш башталганына үч жыл толду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

14:17 26.6.2025

Европа кеңешинде Орусиянын Украинадагы согушуна тиешеси бар жетекчилерди сот жообуна тартууга жол ача турган атайын трибуналды түзүү тууралуу макулдашууга кол коюлду. Бул документке 25-июнда Страсбургда украин президенти Владимир Зеленский менен Европа кеңешинин баш катчысы Ален Берсе кол коюшту.

Бул трибунал Украинадагы согуштагы “агрессия кылмыштарын” иликтеп, президент Владимир Путинге чейинки орусиялык аткаминелердин жоопкерчилигин карай алат.

“Ар бир согуш кылмышкери адилеттик орной турганын билиши керек жана бул Орусияга да тиешелүү”, - деп билдирди Ален Берсе макулдашууга кол койгондон кийин.

“Орусиялык ар бир согуш кылмышкеринин, анын ичинде Путиндин жоопко тартылышы үчүн бекем саясий жана юридикалык эрк керек”, - деди Зеленский.

Орусиянын бийлиги бул макулдашуу тууралуу комментарий бере элек.

Бул Европа кеңешинин көзөмөлүндөгү алгачкы атайын трибунал болуп калмакчы. 46 мамлекет мүчө болгон Европа кеңеши Европа Биримдигинин бир бөлүгү эмес.

Кеңешке Түркия, Британия, Украина сыяктуу Евробиримдикке кирбеген мамлекеттер да мүчө. Москванын Украинадагы согушу башталгандан кийин Орусия Европа кеңешинен чыгарылган.

13:02 26.6.2025

Украинанын Днепр шаарында Орусиянын соккусунун курмандыктары көбөйүп жатат. Чабуулда каза тапкандар 20га жетти.

Днепропетров облустук аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак 26-июнда эртең менен Самар шаарында дагы эки киши каза болгонун билдирди.

Кечээ ал 24-июндагы соккулар Днепрде 19 кишинин өмүрүн алып, 300дөн ашууну жараат алганын айткан.

Днепрде чабуулдан кийин көп сандаган турак жайлар талкаланган, Одесса-Запорожье багытындагы поезд да соккуга туш болгон. Киев Москваны карапайым тургундарды, жарандык жайларды бутага алганы үчүн айыптап келет.

Орусия тарап чабуулдар тууралуу комментарий берген эмес.

11:37 26.6.2025

Херсондо Орусиянын соккусунда үч киши каза тапканын жергиликтүү бийлик билдирди.

«Красный Маяк айылында баскынчылар дрон менен 55 жаштагы жаранды аткылаганда каза тапты. Душман Софиевкада айыл чарба ишканасын бутага алганда бир киши каза болду», — деп жазды Херсон облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин Телеграмга.

Буга чейин ал Белозерскиде соккулардан жергиликтүү тургундун өмүрү кыйылганын билдирген. Таңга маал саат 4:30да Корабельный району аткыланып, үйүндө отурган 71 жаштагы аял башынан жараат алган.

22:34 25.6.2025

Гаагада НАТО саммитинин жалпы жыйыны аяктагандан кийин АКШ президенти Дональд Трамп менен Украина президенти Владимир Зеленскийдин жолугушуусу өттү.

Зеленский Трамп менен узак жана мазмундуу сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн билдирди.

"Биз ок атышууну токтотуу жана тынчтыкка жетүү жолдорун талкууладык. Элибизди кантип коргоо керектиги тууралуу сүйлөштүк. Тынчтыкты жакындатууга көңүл буруп, жардам берүүгө даяр болгону үчүн АКШ президентине жана Кошмо Штаттарга ыраазычылык билдиребиз",- деп жазды Зеленский Телеграмдагы баракчасына.

Эки лидердин жолугушуусу 40 мүнөттөн ашык убакытка созулганы маалым болду.

НАТОнун Гаагадагы саммити башталар алдында Трамп журналисттердин Владимир Зеленский тууралуу суроолоруна жооп берген.

"Албетте, биз ортодогу кээ бир маселелерди талкуулайбыз. Анын айрым түйшүктөрү бар. Зеленский дурус жигит", – деди Трамп.

Bloomberg агенттиги мурдараак билдиргендей, Трамп НАТОдогу өнөктөштөрүнө Украинадагы абал "такыр көзөмөлдөн чыгып кетти" деп айткан жана бул багытта жигердүү аракеттерди талап кыларын белгилеген.

Буга чейин Канадада өткөн “Чоң жети” саммитинин алдында Трамп менен Зеленский жолугушары айтылган. Бирок Трамп ал саммиттен эрте кеткендиктен кездешүү болгон эмес.

26-апрелде тараптар Ватиканда Рим папасы Францисктин тажыясынын алдында жолуккан.

Эки президенттин февралда Вашингтондо өткөн жолугушуусу кайым айтышуу менен коштолгон.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG